• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Новиков Кайыңдыдагы металлды кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 28.11.20. /Кабар/. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Чүй облусундагы иш сапарында
Кайыңды шаарындагы «Металл-Кен» ЖЧКнын негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүргөн жана кайра иштеткен заводдун иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Бүгүнкү күндө ишкана ачылууга толугу менен даяр, бирок коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аны ишке киргизүү кийинкиге калтырылды. Быйыл өндүрүштү ишке киргизүүнү пландалып, бирок COVID-19 пандемиясы өзгөртүүлөрдү киргизгенин билемин. Ишкана 2021-жылдын биринчи кварталында ишке кирет деп ишенем. Кытай Эл Республикасынан буйрутмага берилген керектүү жабдууларды жана заводдун жумушчуларын окутуу үчүн адистерди өлкөгө алып келе албай жатканыңыздар менен кабарым бар. Кыргыз Республикасынын өкмөтү бул маселени ыкчам чечүүгө жардам берет. Тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилет», - деди Артем Новиков.

Өндүрүшкө салынган инвестициянын жалпы көлөмү 50 миллион АКШ долларын түзөт. Завод толук өндүрүштүк циклге ээ жана металл прокатынын түрүн чыгарат: арматуранын бардык түрлөрү жана сапаттуу металл буюмдары. Өндүрүштүн жылдык пландаштырылган көлөмү 200 миң тоннадан ашык болоттон жасалган буюмдар түзөт.

Заводдо 500гө жакын адам иштейт, анын ичинен 200дөн ашууну Кайыңды шаарынын жана жакынкы калктуу конуштардын тургундары.

Пикир

Оставить комментарий