• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

НТС каналынын операторун сабаган балдар кармалды

Коом 0

Бишкек, 22.11.17 /Кабар/. Күн мурун кечинде Бишкекте НТС телеканалынын оператору Акынбек уулу Урматты, анын жубайын жана кайын энесин белгисиз 3 адам сабап кеткен. Бул тууралуу анын кесиптеши, телеканалдын журналисти Азият Жекшеев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Окуя 21-ноябрда болжол менен кечки саат 20:00 чамасында Акынбек уулу Урмат дүкөндөн чыгып бара жатканда болгон. Маалыматка ылайык, жашы 20-25 чамасындагы үч бала оператор менен сөз талаша кетип, ортодон чыр чыккан.

Белгисиз балдар операторду сабап, ага болушууга аракет кылган келинчеги менен кайын энесине да кол көтөрүшкөн.

НТТС телеканалынын кызматкери башынан жана бетинен алган жараттан улам ооруканага жеткирилген. Жубайы жана кайын энеси амбулатордук дарыланууда.

Азият Жекшеев билдиргендей, шектүү балдар кармалып, Октябрь РИИБне жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий