• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нур-Султан шаарына да өзгөчө абал режими киргизилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына да өзгөчө абал режими киргизилди. Бул тууралуу "Казинформ" маалымат агенттиги билдирет.

Жарлыкка өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев кол койду. Өзгөчө абал режими 5-январь саат 16:00дөн 19-январь саат 00:00гө чейин созулат.

Мындай чечим коомдук коопсуздукту камсыздоо, жарандардын укугун жана эркиндигин коргоо, ошондой эле мыйзамдуулукту орнотуу максатында кабыл алынган.

Мындан ары саат 23:00дөн 7:00гө чейин шаарда коменданттык саат киргизилет. Мындан сырткары, жарандардын, унаалардын жүрүшүнө, массалык иш-чараларды өткөрүүгө жана бир катар чектөө киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий