• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нурланбек Азыгалиев КМШ ПАА Кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Москвада Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев КМШ ПАА Кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Медербек Алиев жана Сеидбек Атамбаев катышты.

Нурланбек Азыгалиев Россияга болгон иш сапарынын негизги максаты мекендештер менен баарлашуу, эмгек мигранттарынын жашоосуна тиешелүү маселелерди талкуулоо экенин айтты.

Ал белгилегендей, эки өлкөнүн парламенттери парламенттер аралык диалогдун бардык аянтчаларында, атап айтканда КМШ ПАА, ЖККУ ПА, ошондой эле башка эл аралык уюмдардын алкагында натыйжалуу кызматташат.

Нурланбек Азыгалиев КР Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Миграция жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелери боюнча кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жаатындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурду.

КМШ ПААнын Кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий 16-17-ноябрда Бишкекте өткөн КМШ ПАА күзгү сессиясын даярдоого жана өткөрүүгө жигердүү катышкан Кыргызстандын парламентчилерине, республиканын аткаруу бийлик органдарына ыраазычылыгын билдирди.

"Иш-чаранын катышуучуларынын баамында, алар жогорку уюштуруучулук деңгээлде өттү. Сессиянын программасы абдан бай болду", - деди башкы катчы.

Тараптар кызматташуунун, миграциялык мыйзамдарды өнүктүрүүнүн жана 2024-жылы боло турган тематикалык иш-чараларга катышуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий