• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нурматов: Алдыдагы эки жумада COVID-19дун төмөнкү көрсөткүчү уланышы мүмкүн

COVID - 19 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Алдыдагы эки жумада COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төмөнкү көрсөткүчү уланышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкектеги конференцияда Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, азыр июлдун башына салыштырмалуу өлкө боюнча жаңы учурлардын саны 5 эсеге аз катталууда.

«Биз учурда узак мөөнөттүү божомолдорду жасаган жокпуз, бирок алдыдагы эки жума ичинде жаңы катталган учурлар азаят. Узак мөөнөттүү божомолдорго көп факторлор таасир этет, алсак, штаммдардын өзгөрүүсү жана алар менен калктын антителосу күрөшө алабы ж.б.у.с.», - деди адис.

Пикир

Оставить комментарий