• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги: Коронавирус жуктуруп алган бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Күн мурун, 2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинини басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.

"Ошондой эле бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон. Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн саат 13:00дөгү брифингде кошумча маалымат берет", - деп билдиришти министрликтен.

Белгилей кетсек, 3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 9 жаңы учур катталып, жалпы бейтаптардын саны 125 кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий