• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оңдоо иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы туннель маал-маалы менен жабылып турат

Аймак 0

Бишкек, 28.05.23. /Кабар/. Оңдоо иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы туннель маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-майдан 28-июнга чейин Бишкек-Ош автожолунун 129-131-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусундагы К.Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги электр зымдарын, прожекторлорун тартуу жана актоо иштерине байланыштуу унаалардын кыймылына маал-маалы төмөнкү убакыттарда чектөөлөр киргизилет:

-05:00дөн, 08:00гө чейинки убакытта;

-10:00дөн 12:00гө чейинки убакытта;

-14:00дөн 16:00гө чейинки убакытта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы алыскы жолго чыгуучу айдоочуларга жогорудагы убакыттарды эске алып, алдын ала пландоо менен жолго чыгууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий