• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Облустук соттордун жаңы дайындалган эки судьясы Жогорку сотто ант берди

Коом 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жаңы дайындалган эки судьясы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда ант берди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда өттү жана КР Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Качыке Эсенканов судьяларды дайындалышы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жаңы шайланган судьялары:

- Исажанов Келдибек Сейдахматович – Ош облустук сотунун судьясы;

- Койломбаев Азамат Ишимбекович – Нарын облустук сотунун судьясы.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 6-апрелинде «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

Пикир

Оставить комментарий