• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн Бишкектеги Жеңиш конушунда суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-февралда Бишкектеги Жеңиш конушундагы турак үйлөрдө, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ичүүчү суу саат 9:00дөн 16:00гө чейин "Жеңиш" суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Шаардык мэрия ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калктан, уюмдардан ичүүчү сууну эртелеп камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий