• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Олег Панкратов: VIII Аймактар аралык конференция КР менен РФнын бизнесинин кызматташуусун тереңдетерин күтүүдөбүз

Экономика 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов VIII Аймактар аралык конференция КР менен РФнын бизнесинин кызматташуусун тереңдетерине үмүт артат. Бул тууралуу министр Бишкектеги VIII Аймактар аралык кыргыз-россиялык конференциясында билдирди.

Ал сөз башында белгилегендей, аймактардагы ишкана менен долбоорлорго инвестициянын келишине түрткү болушу үчүн жеңилдиктер берилген аймактарда кайра түзүлгөн ишканаларга салыктан бошоткон мыйзам кабыл алынган.

"Салык Кодексине, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөр үчүн кошумча нарк салыгынан бошоткон өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан тышкары, өкмөт, соода-логистикалык борбор, айыл-чарба кооперативдери үчүн бир катар салыктык жеңилдиктерди караштырды. Тигүү жана текстиль өнөр-жайын өнүктүрүү, бул тармактын экспортун көбөйтүү максатында министрлик салык мыйзамдарын жакшыртуунун үстүндө иш алып барып келет", - деди министр.

Ал белгилегендей, ишкерлерди колдоо жана бизнес жүргүзүү маселеси боюнча кеңеш берүү үчүн бардык аймактарда "Ишкерлерди тейлөө борборлорун" түзүү каралууда. Алгач андай борбор Бишкек менен Ош шаарында, андан кийин аймактарда ачылмакчы.

Ошондой эле ал экономиканын ар тараптуу өсүшү үчүн аймактык долбоорлор боюнча кызматташуудан сырткары, ири долбоорлор боюнча макулдашуулар болоруна үмүт артарын белгиледи.

"VIII Аймактар аралык конференция биздин мамлекеттер гана эмес, биздин бизнестер ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү жана бекемдөө үчүн олуттуу аянтча болорун күтүп жатабыз. Алгач ирет аймактар аралык конференция жогорку деңгээлде өтүп жатат. Катышуучулардын катарында "Русэлпром", "Газпром", "Союзбазальт" Базальт индустриясын өнүктүрүү бирикмеси өңдүү ири бизнес өкүлдөрү, Россия президентинин администрациясынын, өкмөтүнүн, Мамлекеттик Думанын өкүлдөрү, Россиянын субъектинин жетекчилери жана башка коноктор бар", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий