• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Олимпиада-2020 коронавирустан улам көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн

Дүйнө 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Быйыл Япониянын Токио шаарында өтө турган Жайкы Олимпиада оюндары коронавирустан улам көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына шилтеме келтирип РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен спорт федерацияларынын жетекчилери коронавирустун жайылышына кооптонушууда. Ага байланыштуу, Олимпиада оюндарын телевизор акылуу гана көрсөтүү сунушу айтылууда.

Ошондой эле спорттук иш-чараны Токиодон башка жерге көчүрүү тууралуу да сөздөр айтылып жатат. Бирок Олимпиадага кам көрүү үчүн дээрлик 12 млрд доллар короткон Япония мелдешти өткөрүүдөн баш тартуу тууралуу ою жок.

Пикир

Оставить комментарий