• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Онкологиялык илдетке чалдыккандар үчүн ооруну басаңдатуучу дарылардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча жумушчу топ түзүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Кыргызстанда онкологиялык илдетке чалдыккандар үчүн ооруну басаңдатуучу дарылардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, жумушчу топ вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын тапшырмасы боюнча түзүлдү. Ал топ дарылардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

“Өлкөдө 200дөн ашуун дарыкананын түзүмүндө ооруну басаңдатуучу курамында баңгизат бар дарыларды сатууга укугу бар. Бирок, текшерүүлөрдөн жана башка нерселерден коркуп, алар ошондой дарыларды көп сатышпайт. Учурда түзүлгөн жумушчу топ байкоо жүргүзүп жатат. Жыйынтыгында алар аталган препараттарга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу үчүн кандай чараларды көрүү керек экендиги боюнча өз тыянагын берет”, - дейт Чолпонбаев.

Пикир

Оставить комментарий