• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Онкологиялык оорунун дары-дармектерине жете албагандыгы боюнча министрликке эч ким кайрылган эмес – Үсөнбаев

Ден соолук 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Онкологиялык жана диабет ооруларынын дары-дармектерине жете албагандыгы боюнча министрликке эч ким кайрылган эмес. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Чек ара жабылгандыктан онкологиялык жана диабет ооруларына чалдыккан жарандар дары-дармекке жетпей кыйналып жатат, эмне кылуу керек деген суроо жаңырды.

"Дары-дармек боюнча маселе министрликтин көзөмөлүндө турат. Аны менен бир башкармалык алектенет. Ал дары-дармектерди алып келүү боюнча пландалган процедуралар иштелип жатат, бул маселе чечилет. Бирок кыйналып жатабыз деген кайрылуу болгон эмес", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий