• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Опера жана балет театры Жеңиштин 75 жылдыгына карата онлайн концерт өткөрөт

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-май саат 16:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры онлайн форматта концерт өткөрөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, онлайн форматта өтө турчу концерт Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган.

Көрүүчүлөр үчүн согуш жылдарындагы «Тальяночка», «Пилоты», «Катюша», «Журавли», «Смуглянка», «Вечер на рейде», «Синий платочек», «День Победы» жана башка ырлар жаңырат.

Концерт өзгөчө формат менен өтүп, согуш жылдарындагы лирикалык арзуу ырлар коштойт. Ага Кыргыз Республикасынын эл артисти Керим Турапов, эмгек сиңирген артисттер Кайымбек Кускаков, Бактыбек Ыбыкеев, Айбек Саралаев, Тилек Найманбаев, эл аралык сыйлыктардын лауреаттары жана театрдын алдыңкы солисттери катышат.

Коцерттин онлайн форматтагы жүрүшүн Коомдук биринчи канал аркылуу саат 16:00дө көрүүгө болот. Ошондой эле аталган концерт ушул эле күнү кечки саат 21:40 “Маданият. Тарых. Тил” каналында кайталап көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий