• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Орхан Инандыны издөөгө жардам берем деп унаа жана 50 миң доллар алдап алган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Криминалдык милиция кызматкерлери учурда изделип жаткан Орхан Инандыны издөөгө жардам берүүнү сунуштап, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүнү кармады.

ИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-июнда Түркиянын жараны М.А. арызы менен кайрылып, өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып, уурдалган КР жараны О.Инандыны табууга жардам берүүнү сунуштап, алдоо жолу менен Subaru Impreza маркасындагы унаа жана 50 миң доллар акчаны алдап алган белгисиз адамга карата чара көрүп берүү өтүнүчүн билдирген.

Аталган факт Бишкек шаардык ИИББдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Көп өтпөй аталган кылмышты жасоого шектүү убактылуу эч жерде иштебеген, мурда соттолгон Ош облусунун тургуну 1994-жылы туулган О.Б. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген, кийин Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренеси боюнча Бишкек ИИББдин абак жайына камалган.

Кармалган жерде ыкчам ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө Subaru Impreza маркасындагы унаа, 50 миң АКШ доллары, курал жана ок-дарылар табылган.

Учурда тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары кармалган жарандын башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар экендигин аныктоо иштерин улантууда.

«Бишкек шаардык милициясы кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөнүүнү сунуштагандарга кылдаттык менен мамиле кылууну суранат. Ушул сыяктуу фактылар пайда болсо токтоосуздан ИИМдин жакынкы бөлүмүнө кайрылып, күнү-түнү иштеген 102 кыска номерине чалыңыз», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий