• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө УКТ мүчөсү жергиликтүү тургундан жер тилкесин тартып алууну көздөгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө опузалап талап кылгандыгы үчүн УКТнын мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына 45 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, белгисисз жаран коркутуу жолу менен Бостери айылында жайгашкан жер тилкесин башка адамга жазып берүүсүн талап кылып жаткандыгын билдирген.

Арыз Ысык-Көл ОИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облустук кызматкерлеринин көмөгү менен кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталган. Ал Бостери айылынын 36 жаштагы тургуну, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган О.А. болуп чыкты.

Кылмышка шектүү жаран соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий