• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Оштогу “Кыргыз-Иран достугу” спорт комплексинде 2008-2010-жылы туулган жаштар арасында спорт чебери, Кыргызстандын 17 жолку чемпиону Алым Ажыматовдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өттү.

Спорттук иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар катышты.

14-15-октяюрь күндөрү өткөн мелдеште Кыргызстандын булуң бурчунан 400дөн ашуун спортчу 12 салмак категориясы боюнча күч сынашты.

Турнирдин жеңүүчүлөрүнө Ош шаарынын спорт комитети тарабынан медалдар, баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий