• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган китеп жарык көрөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 16.10.23. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Ташкенттеги “Гафур Гулям” атындагы басма үйдө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгына арналган “Кылымга тете өмүр” (“Асрга арзигулик умр”) аттуу китеп басмадан чыгууга даярдалып жатат. Бул тууралуу китептин автору, Өзбекстан Улуттук университетиндеги “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” аттуу туруктуу көргөзмөнүн жетекчиси, “Жахон адабиёти” журналынын башкы редактору, Өзбекстандын эмгек сиңирген журналист, профессор Ахмаджон Мелибоев “Кабар” агенттигине берген кыска маегинде билдирди.

Анын айтымында, чыгарма Чыңгыз Айтматовтун публицистикасын, башка өлкөлордөгү “айтматов таануучу”лардын ой-пикирлерин изилдөөгөгө арналган.

“Публицистика мезгилдин коомдук-саясий маселелерге актуалдуу маселелелерге арналган болуп, коомдук пикирди ойготууда жана аны калыптандырууда, аны белгилүү бир максатка багыттоодо чон мааниге ээ. Ушул маанайда, Чыңгыз Айтматов өмүр бою, алгачкыларынан баштап соңкусунуна чейинки публицистикалык чыгармаларында, өз тарыхый доорунда бүткүл дүйнө элдери үчүн өтө зарыл болгон эң олуттуу маселелерди, орчундуу көйгөйлөрдү көтөрүп келген. Андыктан, улуу жазуучунун бул багыттагы чыгармачылыгын изилдөө жана аларды бир китепке топтоп, окурмандарга тартуулоону туура деп таптык”, - деди Мелибоев.

Чыгарма улуу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган болуп, үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын башында басмадан чыгышы күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Ахмаджон Мелибаев 2018-жылы улуу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Чыңгыз Айтматов ва Ўзбекистон” (“Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан”) аттуу эстеликтер китебин басмадан чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий