• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Руслан Бекназаров убактылуу кармоочу жайга киргизилди — ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.09.22./Кабар/. Экстремисттик материалдарды таратууга шектелип жаткан саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматына экстремисттик материалдарды тараткан деп шектелген 1981-жылы туулган жаран Р.Б. камсыз кылынган.

"Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) кармоо жүргүзүлүп, тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров экстремисттик материалдарды таратууга шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий