• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Орусияда өлтүрүлгөн беш жашар Хувайдонун атасы айыпталуучу тарап акча сунуштаганын айтууда

Дүйнө 0

Бишкек, 09.11.18. /Кабар/. Серпухов шаарында өлтүрүлгөн беш жашар Хувайдонун атасы Абдусалом Саидов күн мурун Москвадан келди. Ал сот жараяны башталганга чейин Тажикстанда болот.

Абдусалом Саидов сот жараянына даярдануу үчүн августта Москвага учуп кеткен. Ал кызын зордуктап өлтүрүүгө айыпталган Александр Семиндин үй-бүлөсү катуу кысым көрсөтүп жатканын айтууда:

– Алар мага эки ирет – биринчисинде 6 миллион, экинчисинде 10 миллион рубль беребиз дешти. Мен баш тарттым. Хувайдону өлтүргөн кишини жүрөгүм эч качан кечирбейт. Андан соң Семиндин жакындары жана адвокаты мага каршы арыз жазды, мен аларды коркутуп жатыптырмын. Ошондуктан менин адвокатым сот жараяны башталганга чейин Тажикстанда болуп турууга кеңеш берди.

Хувайдонун иши боюнча сот жараяны 22-декабрда башталат.

Беш жаштагы Хувайдо 22-июлда үйүнүн алдында ойноп жаткан маалда жоголгон. Анын сөөгү эртеси күнү Москва облусунун Серпухов шаарындагы темир жолдун жээгиндеги спорттук баштыктан табылган. Соттук-медициналык экспертизада кыз зордукталып, андан кийин бычак менен сайылып өлтүрүлгөнү аныкталган. Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү жашоочу, кыздын ата-энесинин кошунасы Александр Семин кармалган.

Пикир

Оставить комментарий