• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда аткезчилик жол менен алынып келген атырлар кармалды

Аймак 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген баасы 1 млн сомго жакын атырларды кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында Ош обусунда З.А. уулу аттуу КР жараны айдаган "Мерседес-Бенц 412 D" унаасы токтотулуп, текшерүүгө алган.

"Унааны текшерүү учурунда Кыргызстанга коңшу мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан (жалпы салмагы 3 миң 544 килограмм) атырлар табылган", - деп айтылат маалыматта.

Айдоочуда ал товарга тиешелүү документтер болгон эмес. Кармалган товар 986 миң 832 сом деп бааланган.

Пикир

Оставить комментарий