• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунда энелер күнү белгиленип, баатыр энелерге акчалай сыйлыктар берилди

Аймак 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов баатыр энелерди куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

"Сиздердин мээримиңиздер адамды жарык дүйнөгө келгенден тартып колдоп жүрөт. Жашоодо алгачкы кадамды жасоого жөлөк болот. Турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Кээде биз энелерибизди капа кылсак да, алар эч качан биздин көңүлүбүздү калтырбайт. Эненин жүрөгү эң боорукер, айкөл жана кечиримдүү. Адам баласы өмүр бою эненин жылуу сөзүнө, колдоосуна жана кубаттоосуна муктаж", - деди Зиядин Жамалдинов

Энелер күнүнө арналган салтанатка Ош облусунун аймагынан 50 эне катышты. Алар үчүн облус башчыларынын атынан акчалай белектер, сый тамак жана Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук филармония кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, Ош облусунда 278 “Баатыр эне” жана 110 “Эне Данкы” медалынын ээлери жашайт. 2012-жылдан тарта ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде Республика аймагында "Энелер күнү" белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий