• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги ири жол кырсыгынан жабыркагандардын саны 11 адамга жетти

Кырсык 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Бишкекте ири кырсыгында жабыркагандардын саны 11 адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-майда саат 16:20лар чамасында Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа кагылышкан, “DАF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа, “Honda Fit” жана “Mercedes-Benz Sprinter” жүргүнчү ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Учурда кырсыктан жабыркагандардын саны11ге жетти.

Окуя катталган жерге Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар “Honda Fit” үлгүсүндөгү унаанын ичинде кыпчылып калган аялды чыгарышкан жана жабыркаган жарандарга биринчи тез жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий