• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-октябрда саат 21:37де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Шибээ, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий