• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда күйдүргү чыккан айылга карантин киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Ош облусунун күйдүргү чыккан Тогул-Булак айылына карантин киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, 2-август күнү Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында күйдүргү оорусуна шектелип бир оорулуу катталган.

Оору союлган малдан жуккан. Ош облустар аралык ооруканасынын гепатология жугуштуу оорулар бөлүмүнө 8 киши жаткырылган: күйдүргү оорусунун клиникалык белгилери менен шектелип 7 адам, 1 адамда оору лабораториялык жол менен тастыкталып дарыланып жатат.

"Тогуз-Булак айылында күйдүргү оорусу боюнча комплекстүү алдын алуу иш-чаралары 3-августтан бери жүргүзүлүп жатат. 6-августта ал маселе райондук эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул комиссиянын отурумунда каралып, тиешелүү токтом кабыл алынган. Папан айыл өкмөтүнүн 4-августтагы буйругу боюнча Тогуз-Булак айылына күйдүргү оорусуна байланыштуу карантин киргизилип, ыкчам план түзүлгөн. Оору чыккан Тогуз-Булак айылында 2 медициналык жана 2 ветеринардык бригада иш алып барууда", - деп билдирет өкүлчүлүк.

Күйдүргү оорусунун чыгуу ыктымалы бар 8 очокто бирге болгон адамдардын ден табы күн сайын ченелип, картага жазылууда.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, Тогуз-Булак жана Кара-Сөгөт айылдарында таратылган этти алган 288 кишиге ооруну алдын алуу үчүн атайын дары-дармектер берилүүдө.

"Бардык оору чыгуу ыктымалы бар очоктордо залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Тогуз-Булак жана Кара-Сөгөт айылдарында күйдүргү оорусун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, түшүндүрмө баракчалары таратылды. Союлган малдын ээсине жана Беш-Мойнок ветсервисинин ветеринардык дарыгерине убагында эмдөө иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн айып салынды. Эпидемиологдордун көрсөтмөсү боюнча жарандардагы малдын бардык эти алынып, тери, колдонулган буюмдар, малдын кыктары жерге көмүлдү. 2 миң 431 баш мал-жандык күйдүргү оорусуна каршы эмделди", - деп билдирет өкүлчүлүк.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, карантинге байланыштуу Кара-Сөгөт жана Тогуз-Булак айылдарында 25-августка чейин үй жаныбарларын союуга болбойт жана той өткөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий