• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунда жер мунапысы мыйзамынын аткарылышы боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 13-март күнү министлер кабинетинин №291 “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө” токтомунун Ош облусунун аймагында аткарылышы боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана мамлекеттик райондук администрация башчылары-акимдер катышты.

Жыйында облустун аймактарында токтомдун аткарылышы боюнча маалымат берилди.

Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов район башчыларына иштерди аткарууну тездетүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий