• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун Борко айылындагы мектептин курулушу 60 пайызга даяр болуп калды

Аймак 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Борко айылындагы К. Каримов атындагы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүп, учурда 60 пайызга даяр болуп калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, подряддык уюм тарабынан объекттин чатырын, терезе блокторун орнотуу иштери аяктады. Учурда ички жасалгалоо жана имараттын электр куроо иштери, ошондой эле жылытуу, суу, канализация жана сырткы тармактарды орнотуу иштери жүргүзүлүүдѳ. Мындан тышкары, сырткы жасалгоо иштери да башталды.

Белгилей кетсек, 375 окуучулук орунга эсептелген билим берүү обьектисинин курулушу 2020-жылдын январында башталган.

Объекттин сметалык наркысы 1 020 210 АКШ долларын түзүп, анын ичинен 459 миң 94 АКШ доллары каржыланды.

Мектептин курулушун жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий