• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунун Тепе-Коргон айылында жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 19.09.20. /Кабар/. Күн, 18-сентябрда Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айылында жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктин билдирүүсүнө караганда, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсуповдун катышуусу менен жаңы калкты тейлөө борборунун ачылыш аземи өттү. Борбор Тепе-Коргон айыл өкмөтү тарабынан калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында курулуп, ишке берилди.

Жаңы борбор заманбап кеңсе жана компьютердик жабдуулар, борбордун кызматкерлери жана кызмат ала турган жарандар үчүн атайын алынган жаңы эмеректер менен камсыздалган.

"Тепе-Коргон калкты тейлөө борбору аймактагы жергиликтүү калкына көрсөтүлүүчү кызматтын натыйжалуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу максатында ачылып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Калкка кызмат көрсөтүү борборунун кызматкерлери "Санарип аймак", "Е-Кызмат", "Инфодокс" автоматташтырылган маалымат тутумун пайдалануу боюнча атайын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жана "Инфоком" ишканасы тарабынан окутуудан өтүшкөн. Ушундай эле окутуудан акимдердин, тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилеринин катышуусунда Ош облусунун жети районунун айыл өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлери да өттү.

Пикир

Оставить комментарий