• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош ордо оюну боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Аймак 0

Бишкек, 30.04.23./Кабар/. Бүгүн Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жаңы аянтчасында ордо оюну боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды.

3-майга чейин уланган чемпионатка республиканын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан тогуз команда катышууда.

Жеңүүчүлөр дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышат. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңишке жетишкен командалардын оюнчулары Кыргызстандын спорт чебери наамын алышат жана көчмөндөр оюндарында республиканын курама командасына киргизилет.

Чемпионат Спорттун улуттук түрлөрү бонча дирекциясы, Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий