• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу эки тараптуу ачылды

Аймак 0


Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-апрелде аталган жолдо катуу бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, жол убактылуу жабылган. Жерине жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, түнкү саат 02:40тар чамасында жол эки тараптуу ачылды.

Министрликтен белгилешкендей, учурда бороон токтой элек. Жолчулар менен жерине тартылган атайын техника тынымсыз иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий