• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаары Нарын калаасына 1,1 миң түп арча көчөттөрүн белек кылды

Аймак 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Ош шаары Нарын калаасына 1 миң 100 түп арча көчөттөрүн белек кылды , - деп билдирет Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, арчалар Нарын жана Ош шаарларынын мэри Канболот Тутуев жана Алмаз Мамбетовдун эки шаар ортосунда достук кызматташуу жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрүнүн алкагында алып келинген.

Белгилей кетсек, буга чейин Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Ош шаарынын мэри менен байланышып, эки шаар ортосунда достук байланыш түзүүнү демилгелеген.

Көчөттөр Нарын шаарынын борбордук аянтында тосуп алынып, Нарын шаарынын мэри К. Тутуев Нарын шаары үчүн берип жиберген көчөттөр үчүн Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго терең ыраазычылык билдирип, атайын кат тапшырды.

Оштон келген арча көчөттөрү мектеп, бала бакчаларга жана башка мерчемделген аймактарга отургузулат.

Пикир

Оставить комментарий