• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаары Улуттук Көчмөндөр оюндарында бир канча номинациялар боюнча 1-орунду ээледи

Аймак 0

Бишкек, 23,09.19. /Кабар/. Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук Көчмөндөр оюндарында Ош шаары бир канча сынактардан биринчи орунду багындырды.

Ош шаары "мыкты даярдыгы" үчүн диплом жана 50 миң сом менен сыйланып, сыйлыкты вице-премьер-министр А. Өмүрбекова тапшырды.

Ош шаарына ыйгарылган номинациялар:

"Көчмөндөрдүн улуттук тамак аштары" номинациясында 1-орун (диплом жана 50 миң сом); "Салттуу кийим кечелер" номинациясы боюнча 1-орун (диплом жана 50 миң сом); "Театрлаштырылган каада-салттар көрсөтүү" номинациясында 2-орун (диплом жана 50 миң сом); "Улуттук ыр-бий" номинациясы боюнча 2-орун (15 миң сом жана диплом).

Эске салсак, Талас облусундагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында 8 улуттук түрү боюнча спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталган. 21-сентябрда жыйынтыктоочу салтанаттуу азем болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий