• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде зордук-зомбулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы калкты социалдык жактан коргоо жана балдардын укуктары боюнча облусттук координациялык кеңешменин отуруму өттү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анда 2023-жыл ичинде балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы каралды.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жаныбек Исаковдун жетекчилиги астында өткөн координациялык кеңешке, район акимдеринин орун басарлары, шаарлардын вице-мэрлери жана ички иштер бөлүмдөрүнүн, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын, жалпы практикалык дарыгерлер борборунун директорлору, аялдар кеңешинин төрайымдары, аксакалдар кеңешинин төрагалары катышты.

Отурумда зордук зомбулук боюнча коомчулукта резонанс жараткан окуялар талкууланып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.Алар;

  • Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча ченемдик укуктук актыларды жеткиликтүү деңгээлде аткаруу;
  • Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маалымат компанияларды өткөрүү;
  • Аялдар жана аксакалдар кеңештери менен иш алып баруу;
  • Балдардын жумуштун эң оор түрүнө тартылуусу боюнча квартал сайын рейд жүргүзүү, жыйынтыгы боюнча маалымат берүү;
  • Жатак мектеп интернаттарында, бала бакчаларда балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча рейд өткөрүү ;
  • Мамлекеттик эмес, коомдук уюмдар менен иш алып баруу;
  • Аткарылган иштер боюнча маалыматты райондук мамлекеттик администрациялардын, шаардык мэриялардын сайтына жайгаштыруу;
  • Ички иштер министрлигинин 2023-жылдын 16-августундагы №526 буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу;
  • Өз өмүрүнө кол салган учурлардын алдын алуу жана аныкталган фактылардын чыгуу себептерин иликтөө, ата-энелердин жоопкерчиликтерин күчөтүү;
  • Жеринде болгон зордук-зомбулук фактылары тууралуу жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мекемелер менен тыгыз иш алып баруу, ОИИБ тарабынан көзөмөл жүргүзүү;
  • Билим берүү мекемелеринде балдардын өзгөчө аярлуу катмарын квартал сайын тактоо, жыйынтыгы боюнча маалымат берүү;
  • Балдарга карата ырайымсыз мамиленин алдын алуу максатында массалык маалымат каражаттарынан чагылдыруу.

Пикир

Оставить комментарий