• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып, куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысы ардагерлер менен баарлашып, ыраазычылык билдирди.

“Бизге бүгүнкүдөй ачык асман, тынч жашоо тартуулаганыңыздарга ыраазчылык билдирем. Ошол апаат күндөрү балдардын келечеги жана мекен үчүн кан майданга аттанып, өз өмүрүңүздөрдү да аябадыңыздар! Менин атам да Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Ал башынан өткөргөн кыйын күндөрдү айтып берчү. Эрдигиңиздер эч качан унутулбайт! Ден соолукта болуп, эч оорубаңыздар!”- деди Жарасул Абдураимов

Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган иш чара Ош облусунун Ноокат районунда да болуп өттү. Анда, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлер эскерилип, өчпөс отко гүл чамбар коюлуп, куран түшүрүлдү.

Андан соң, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте, ардагерлерди үйлөрүнө барып куттукташты.

9-май Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата ар бир ардагерге КР президентинин фондунан 70 миң сом, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнүн резервдик фондунан 15 миң сом, райондук мамлекеттик админстрациялардын резервдик фондунан 10 миң сом акчалай сыйлык берилди.

Белгилей кетсек, Ош облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 11 ардагери, оруктун 179 ардагери бар.

Пикир

Оставить комментарий