• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында 11 кг опиум менен чет элдик жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Ош шаарында 11 килограммдан ашык опиум менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-апрелде комитеттин кызматкерлери Ош шаарында ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө 33 жаштагы чет элдик жаранды кармашкан, анын унаасын текшерүүдө 11 килограмм опиум табылган.

“Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 247 (баңги затын мыйзамсыз айландыруу) жана 204-беренелери (аткезчилик) боюнча кылмыш иши козголду”,-деп билдирди басма сөз кызматынан.

Кармалган жаран УКМКнын СИЗОсуна камалды. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий