• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Пакистандын туркомпаниялары Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Пакистан Ислам Республикасындагы КР элчилиги ИИР «Singular Travel & Tours» туристтик оператору менен биргеликте Пенджаб провинциясынын Лахор шаарында 1-апрелде “Кыргызстан – туризм үчүн эң мыкты өлкө” темасында тегерек үстөл өткөрүштү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын расмий бөлүгүнүн ачылышында ИИРдеги КР элчиси Эрик Бейшембиев, ошондой эле, ардактуу мейман катары чакырылган – Пенджаб провинциясындагы Өкмөттүн атайын катчысы Х.Шердил сөз сүйлөштү.

Конокторду Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу максатында англис тилиндеги тематикалык 3 тасма көрсөтүлдү. Андан соң уюштуруучуларга бардык кызыккан суроолорду берүү мүмкүндүгү берилди. Тегерек үстөлдүн жыйынтыгында бир катар туристтик компаниялар Кыргызстан менен туристтик байланыштарды түзүү жана Пакистанда алар үчүн жаңы багытты жайылтуу каалоолорун билдиришти.

Иш-чарага Пенджаб провинциясындагы 22 туристтик жана 3 авиакомпания, операторлордун жетекчилери катышышты.

Пикир

Оставить комментарий