• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында 20 млн сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. Ош шаарында 20 млн сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ош мэриясы 404 чарчы метр жер тилкесин Т.К. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө, аукцион өткөрбөстөн сатып, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилгендиги аныкталган.

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен толук менен канааттандырылган. Келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде базар баасы 20 млн 200 миң сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий