• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча 600 орун даяр болду

Аймак 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Ош шаарында бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча 600 орун даяр болду. Даярдоо иштери менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, ар кандай кырдаалга даяр болуш керектигин билдирди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Бүгүн, 6-июлдан баштап шаардын Т. Кулатов кичи районундагы “Газпром” спорт комплексинде 100 орундуу стационар ишке кирди. Бул жайда жеңил жана орто абалдагы бейтаптар кайрылып, жардам алышат.

Ал эми пневмонияга жана коронавируска кабылгандардын саны көбөйсө жогорку окуу жайдын жатаканасында 300 орун, жеке менчик “Андрос ”медициналык борбору жана “Классик” мейманканасында 100дөн ашуун орун даярдалган.

Ал эми ”Sun rise” мейманканасына 50 орундуу обсервация даярдалды.

Шаар мэри “Каныкей” ресторанына да күндүзгү стационар уюштуруу тапшырмасын берип, жеке ишкерлерге ыраазычылык билдирди.

“Биз буга чейин эле алдын алуу максатында орундарды даярдаганбыз. Дагы кошумча 500дөн ашуун орундар даярдалууда. Жеке ишкерлер да жакындан жардам берип жатышат. Биз алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Даярдалган орундар адамдарга толбосун. Өкмөт, ишкерлер тараптан керектүү аппараттар да берилип жатат. Элибиз дарыгерлер койгон талаптарды угуп, аткаруусун суранат элем”, - деди шаар мэри.

Пикир

Оставить комментарий