• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Селдин кесепетинен чет элдик туристтер тузакта калды

Аймак 0

Бишкек, 7-июнь /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы унаа жолунда селдин кесепетинен чет элдик туристтер тузакка кабылган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, 6-июнда Сузак районундагы Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 76-чакырымында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, жолду ылай суу каптап кеткен. Натыйжада Жалал-Абад облусунан Нарынды көздөй мотоцикл менен бараткан чет элдик туристтер тузакта калышкан.

Өзгөчө кырдаал болгон жерге 7-июнда саат 03:45 чамасында ӨКМ куткаруучулары жөнөп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий