• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында эпидемиологиялык абал оор, бирок оору басаңдаганы байкалды - Сарыбашов

Аймак 0

Бишкек, 22.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында эпидемиологиялык абал оор, бирок оору басаңдаганы байкалды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында коронавирусту жалпы 1 миң 470 адам жуктурган. Ал эми акыркы суткада 37 жаңы учур катталды.

“Илдеттен 660 адам айыкты. Абалы жакшы болгондор үйдө дарыланууда. Тилекке каршы, оорудан 55 жаран каза болду. Алардын 9у коронавирустан, 46сы пневмониядан көз жумду. Шаарда 1 миң 200 орундук даярдалган. Ал жерлерде 676 бейтап дарыланып жатат. Анын 83ү коронавирус жуктурган, 593ү пневмония менен ооругандар. Дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 19 адамдын абалы өтө оор, 121и оор, 192си орто оор жана 140 бейтап канааттандырарлык абалда”, - дейт ал.

Сарыбашов шаарда 556 орундук бош экендигин айтат. “4 күндөн бери оорулуулардын саны азайганы байкалууда. Ошондой эле “103” кызматына мурун 250-300 чалуу болсо, кечээ 117 кайрылуу болгон. 118 кыска номерине мурун 300-400 чалуу түшсө, кечээ 147 адамдан кайрылуу болгон”, - деди шаар мэри.

Пикир

Оставить комментарий