• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто коррупция менен күрөшүү боюнча профилактикалык иштер күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык прокуратуранын өкүлдөрү, жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери менен билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү.

Мэриядан билдиришкендей, жыйында 14-35 жаштагы жарандар арасында “Баардыгы коррупцияга каршы!” аталышындагы эл аралык сынак тууралуу сөз болду.

Ошондой эле ар бир билим берүү мекемесинде коррупцияга каршы иш-чараларды уюштуруу, жолугушууларды өткөрүү боюнча сүйлөшүлүп, бул багытта аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматты жеткирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий