• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында мекеме, ишканалардын алдыңкы кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.17. /Кабар/. Бүгүн, 28-декабрда Ош шаарындагы мамлкеттик жана муниципалдык мекеме ишканалардын алдынкы кызматкерлери сыйланды. Ага Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Алмазбек Осмонов катышып, кызматкерлерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Урматтуу кесиптештер бул жылы аткарган иштеринердин акыбети кайтып, сыйланып олтурасынар. Сыйлыгынар кут болсун! Жаңы жыл жакшылыктардын берекенин жылы болсун! Мамлекетти, анын ичинде Ош шаарын өнүктүрүүгө салым кошуп жүрө бергиле”, - деди А.Осмонов.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымы, шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгына жана кызматтык милдеттерин аткаруудагы жогорку көрсөткүчтөрү үчүн 40дан ашуун мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынгын ардак грамотасы менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий