• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында санитардык нормаларды аткарбаган 4 курулуш компаниясынын иши убактылуу токтотулду − мэр

Аймак 0

Бишкек, 06.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында санитардык нормаларды аткарбаган 4 курулуш компаниясынын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Анын айтымында, шаар боюнча санитардык нормалардын аткарылышын 7 көчмө топ текшерүүдө.

"Шаарда коюлган талаптарды сактабаган объектилерге аргасыздан айыппул салып жатабыз. Кээ бирөөлөрүн жабууга туура келүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгында 96 ишканага айыппул салынган. Мен дагы текшерүүгө чыккан рейд учурунда 4 курулуш компанияга айыппул салынып, алар убактылуу жабылды", - деди ал.

Сарыбашов Ош шаарында жалпы 223 жаран коронавирусту жуктурганын айтып өттү.

"Алардын 129у айыккан, 2 адам каза болгон. Учурда 92 бейтап дарылануусун улантууда", - деди шаар мэри.

Пикир

Оставить комментарий