• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында workout аянтчасы пайда болду – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда Ош шаарында workout аянтчасынын ачылышы болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, “Шоро-Ош” компаниясынын директору Айбек Абдыбачаев, спортчулар жана жаштар катышты.

Анын жүрүшүндө Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан келген воркаут спортчулары оюн-зоокторду көрсөтүштү.

Аянтчанын жалпы аянты 250 чарчы метр. Участоктун аймагында турник жана брустардан тышкары эко отургучтар, велосипед токтотуучу жай бар. Ошондой эле көчө гимнастикасын сүйүүчүлөр акысыз Wi-Fi колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Бул аймакты реконструкциялоону “Шоро” компаниясы 30 жылдыгына карата жүргүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий