• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жардам штабына бизнес коомчулуктарынан активдүү түрдө жардам келип түшүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Жардам штабына бизнес коомчулуктарынан азык-түлүктөр жана акча каражаты катары активдүү түрдө жардам келип түшүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Жардам штабына жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн 26 тоннадан ашык азык-түлүк: ун, күрүч, гречка, макарон, шекер, суу майы, картошка жана башка тамак-аш азыктары келип түшүп, муктаждарга таратуу үчүн, республиканын шаарлары жана облустарына бөлүштүрүлдү.

""1227" ыкчам байланышына жана 1227.tunduk.kg порталына республиканын муктаж жарандарынан билдирүүлөр келип түшүүдө. Бул билдирүүлөр жергиликтүү бийлик органдарына андан ары жардам көрсөтүүнү кароо жана тактоо үчүн ишке алынат. Жардам алган үй-бүлөлөрдүн саны – 144 433. “1227” ыкчам линиясына келип түшкөн чалуулардын жалпы саны – 211 823. 1227.tunduk.kg маалымат базасына киргизилген билдирүүлөрдүн саны – 59 220", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий