• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарындагы Алай көчөсүнө кыймыл ачуу үчүн иш башталат

Аймак 0

Бишкек, 31.12.22./Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, вице-мэр Сонунбек Жунусбаев баштаган мэриянын жумушчу тобу Алай көчөсүнүн абалы менен таанышты.

Масалиев көчөсүндөгү унаа кыймылын азайтуу үчүн Алай көчөсүн (Раимбеков көчөсүнөн Навои көчөсүнө чейинки аралык) ачуу пландалууда. Аталган квартал ичиндеги жол тилкесинде мыйзамсыз орнотулган объектилерди (гараждар, тосмолор, навестер) демонтаждоо, электр өткөрүүчү чубалгы, столбаларды жылдыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү мерчемделүүдө.

Мындан сырткары, Масалиев көчөсүндөгү унаа тыгындарынын пайда болушуна жол бербөө максатында Раимбеков көчөсүндөгү квартал ичиндеги жолдун Кара-Суу көчөсү менен кесилишкенге чейинки бөлүгүндө кыймыл ачуу маселеси каралууда.

Бул жолго орнотулган мыйзамсыз жана убактылуу объектилерди алып салуу боюнча да тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий