• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Аймак 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Бүгүн, 17-февраль Ош шаарынын мэриясында жаңы кадыр дайындалды. Зулимов Шакир Мулашевич Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, Ош шаарынын шаар куруу жана муниципалдык менчик тармагын тейлеген вице-мэр болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Зулимов Шакир Мулашевич Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Шаар куруу жана муниципалдык менчик тармагын тейлеген мурунку вице-мэр Шухрат Сабиров Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директор болуп дайындалганына байланыштуу, өз каалоосу менен кызматынан бошотулду.

Аталган буйрукка бүгүн, 17-февраль Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койду.

Пикир

Оставить комментарий