• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМУ 85 жылдык мааракесин белгилейт

Аймак 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети 85 жылдык мааракесин белгилейт.

Окуу жайдан билдиришкендей, университеттин 85 жылдык мааракесине байланыштуу өткөрүлүүчү иш-чаралардын пландарын талкуулоо үчүн ректор Кудайберди Кожобеков ректораттын курамы, кесиптик бирлиги менен биргеликте жыйын өткөрдү.

Жыйында мааракелик иш-чараны өткөрүүнүн уюштуруу тобу, жумушчу тобу бекитилип, окуу жайдын 85 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын планы боюнча тиешелүү структура жетекчилерине тапшырмалар берилип, милдеттер коюулду.

ОшМУнун 85 жылдык мааракеси 2024-жылдын 26-апрелинде Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо салтанаттуу белгиленет.

Мааракеге карата “ОшМУ сүрөтчөлөрдүн көзү менен”, “Ырдайлы кыргыз ырларын” конкурстары, казак-кыргыз айтышы, журналисттердин, бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын форумдары, республикалык стартап конкурстар, эл аралык конференциялар, ойлоп табуучулардын сынактары, спорттук мелдештер өтөт. Андан сырткары ОшМУнун 85 жылдык тарыхын чагылдырган даректүү тасма тартылат.

85 жылдык мааракесин белгилеп жаткан ОшМУнун башаты 1939-жылда ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат. 1951-жылы Ош мугалимдер институту-Ош педагогикалык институту болуп өзгөртүлүп, 1992-жылы Ош мамлекеттик университети болуп кайра түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий