• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ОшМУда окутуучулар жана студенттер акысыз медициналык кароодон өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) 7-апрель - Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата иш-чара өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын алкагында Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борбору окуу жайдын студенттерин жана кызматкерлерин акысыз медициналык кароодон өткөрдү.

Иш-чарада окуу жайдын клиникалык базаларында эмгектенген ординаторлор неврология, кардиология, эндокринология, терапия, ЛОР, офтальмоло́гия, гастроэнтерология, стоматология багыттары боюнча келген окутуучуларды жана студенттерди акысыз кароодон өткөрдү. Айрымдары дарыгердин сунушу менен көчмө ЭКГга түшүп, кант диабети боюнча анализдерин тапшырышты.

“Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулуп жаткан акысыз медициналык кароо окуу жайда гана эмес шаар тургундары үчүн да өтөт. 8-апрелде биздин ординаторлор эл көп болгон Ош шаарындагы “Глобус” жана “2 Прораба” гипермаркеттеринде саат 9:00дөн 15:00гө чейин ушундай эле акысыз кароо өткөрөт. Анда педиатрлар да болот”, - деди Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун директору Анара Жанбаева.

Пикир

Оставить комментарий