• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМУда «Санариптик көндүмдөр» борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) «Санариптик көндүмдөр» борбору ачылды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымиатка ылайык, борбор университеттин математика жана информациялык технологиялар факультетинин базасында ачылды.

Борбор иш-чараларды гибриддик Digi-Caravan форматында өткөрүүгө, санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана санариптик борборлордун иш-аракетин алдыга жылдырууга багытталган.

Кыргызстандын аймактары жана башка өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүгө, алардын учурдагы ийгиликтүү тажрыйбалар тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүгө, элеттик аялдарды, жаштарды жана студенттерди өздөрүнүн санариптик демилгелерин жана стартаптарын иштеп чыгуу жана ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Борбор жаштардын, аялдардын, аялуу топтордун, студенттердин, негизинен пилоттук жамааттардын потенциалын жогорулатууну жана санариптик көндүмдөрдү калыптандырууну камсыз кылган көп функционалдуу мейкиндикти камсыздайт.

Санариптик көндүмдөр борбору Евробиримдик тарабынан каржыланган “Санариптештирүү аркылуу айыл жамааттары үчүн ачык келечекти куруу” DigiKonush долбоорунун алкагында ишке ашты.

Борбордун максаты - элеттик аялдардын жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн санариптик технологияларды колдонууга көмөктөшүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий